“Сармерден “ оюн-мелдеши.
Бишкек шаарындагы Ленин районунун № 96 жалпы билим берүү мектебинде 2023-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучулар арасында “Сармерден “ оюн-мелдеши болуп өттү.
Бул мелдеш 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жарааны деп жараандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын “ ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору уюштуруп, өсүп келе жаткан муундарды атуулдукка, руханий-адептик жактан тарбиялоо жана кыргыз элинин каада –салтын, нарктуулугун келечек муундарга жеткирүү.
“Сармерден “ оюн-мелдешине Бишкек шаарынан 6 мектеп катышып, жыйынтыгында мыкты оюн көргөзгөн № 96 мектебинин “Айгүл гүлү” кыздар тобу баш байгеге коюлган боз үйдү жеңип алышты. Балдар тобунан баш байгеге №73 мектептин окуучулары боз үйдүн сертификатына ээ болушту. Катышкан жалпы мектеп окуучуларына кызыктыруучу сыйлык жана грамоталар берилди.
Комментарии