Кылым келет күндү, айды арытып, Кыргыз элдин акыл ээсин байытып. Манас кийген, Жакып кийген ак калпак, Жашап барат жыл өмүрүн карытып. Жебе тартыш, ээр сайыш, же ат чабыш, Эр Манастан калган оюн сакталып. Ошолордой ак калпакты түшүрбөй, Келе жатабыз ата салтын аткарып. [video width="360" height="640" mp4="https://96.edubish.kg/wp-content/uploads/sites/61/2024/03/whatsapp-video-2024-03-05-at-14.45.10.mp4"][/video]
23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 96 жалпы орто билим берүү мектебинде 1-11-класска чейин жалпы аталар чакырылып, спорттук оюндар өткөрүлдү. Жалпысынан 70 ата катышып, шахмат, тогуз коргоол, теннис жана волейбол ойношту. Ийгиликке жеткен аталар грамоталар менен сыйланды