Администрациянын милдеттери:
Мектептин администрациясы милдеттүү:
- Мектептеги педагогдордун жана башка жумушчулардын өз кесиби менен иштөөгө, жумуш ордун бекитип берүүгө, өз убагында сабактардын жүгүртмөсү жана графиги менен тааныштырууга;
- Ден соолугу жана эмгектин коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана жайларды жакшы абалда: жылытуу, жарык берүү, желдетүү жана башка жабдууларды зарыл болгон иш материалдардын болушу менен камсыздоо;
- Билим сапатын текшерүүнүн негизинде сабактарга катышуу жана анализ берүү, административдик контролдук иштерди алуу, окуу пландарга, календарлык пландарга, сабактардын жүгүртмөсүнө, мамлекеттик окуу планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү.
- Жумушчулардын жана окуучулардын техникалык коопсуздугун, өрт коопсуздугун, санитардык-гигиеналык коопсуздук талаптарын жана көрсөтмөлөрүн билүүсүн,аткаруусун контролдоо.
- Мектеп окуучуларына берилүүчү тамакты көзөмөлдөө.
Дежур мугалимдин милдеттери:
- Дежур мугалим сабак башталганга чейин 30 минута эрте келиш керек.Түн ичиндеги кароолчудан мектептин маалыматын алат. Эгерде мектепте кандайдыр бир кырдаал болсо, мектеп директоруна жана анын орун басарына билдирүү;
- Класстык журналдар, кабинеттин ачкычтарын көзөмөлдөйт.
- Дежур толтурган журналды текшерип, окуучулардын сабакка кечигүүсүн, келбегендиги жөнүндө мектеп администрациясына билдирүү;
- Мектепке сырттан келген коноктордун, ата-энелердин маалыматын алгандан кийин мектепке киргизүүгө;
Окуучулардын милдеттери:
Окуучулар мектепке мектеп аныктаган мектеп формасында, таза жана тыкан кийимде келүү;
Кыздардыкы:
Мектептин формасы-ак кофта, кара костюм, кара юбка (классика). Галстук (кызыл, көк, кара)
Юбканын узундугу тизеден 3см өйдө.
Балдардыкы:
Кара костюм, кара шым (классика).
Ак көйнөк, галстук (кызыл, көк, кара).
- Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынан атайын форма жана бут кийим кийишет. Эгер кандайдыр бир себептер менен (ВВК справка болсо)сабактан бошотулууга уруксат берилет.
- Өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоого;
- Ички эмгек тартиптин эрежелерин сактоого, өзүн-өзү башкаруу органынын чечимин жана директордун буйруктарын аткарууга;
- Мектепте жана коомдук жайларда тартиптүү болууга, өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүүгө;
- Сабакка өз учурунда келүүгө,сабак калтырган учурда өз убагында класс жетекчиге догдурдан же ата-энеден күбөлөндүрүүчү каттарды алып келип көрсөтүүгө;
- Мектептин мүлкүн сактоого, мектептин айланасындагы жашылдандырууларды сындырбоого, сындырса төлөп берүүгө;
- Окуучулардын жана мектепте эмгектенген адамдардын кадыр-баркын сыйлоого.
- Мектеп жана класстык дежурствого катышууга, коомдук ишти аткарууга.
- Мектепке коюлган ички тартип, техника коопсуздугунун, санитария жана гигиена эрежелерин сактоого жана колдоого.
Окуучуларга тыюу салынат:
- Окуучулардын мектепке боенуп келүүсүнө;
- Кыздардын бийик така кийүүсүнө;
- Кооздук үчүн бижутерияларды тагынууга;
- Электр жана техникалык шкафтарды ачууга;
- Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонуу (алкоголь, токсиндер, тамеки, насвай ж.б)
- Сабак учурунда телефон колдонууга;
- Сабактарды себеби жок калтырууга.
Эгерде окуучу ички тартипти бузса:
- Ата-энесине окуучунун жүрүм-турумун билдирүүгө;
- Ата-энесин мектепке чакырууга;
- Сөгүш берүүгө;
- Окуучуну жана ата-энени педсоветке, административдик жыйналышка чакырууга;
Ата-энелердин милдеттери
1.Балдардын окуу куралдары, окуучулук форма жана бут кийим алмаштырууну камсыз кылууга.
2.Сабактан себепсиз калтырбоого жана кечиктирбөөгө.
3.Мектеп инвентарларын сындырса, же жоготсо төлөп берүүгө.
4.Сабактан кийинки убакытта окуучунун жүрүм-турумун көзөмөлгө алууга.
5.Эгерде мектепте кымбат жана сенсордук интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар чөнтөк телефон алып келсе, мугалим тарабынан алынып,ата-энеси мектепке чакырылып эскертүү берилет.Эгерде экинчи ирет кайталана турган болсо завуч жана ИДН менен биргеликте акт түзүлүп жыл аягына чейин мектеп администрациясына сакталып турушуна макул болууга.
6.Ата-энелер чогулушунан калбай өз баласынын кызыкчылыгы үчүн катышып турууга.
7.Баласынын сабактарына көз салып, күндөлүктөрүн жума аягында текшерип турууга.
8.Эгерде баланын ден-соолугу психикалык жана физикалык жактан жабыркаса сөзсүз түрдө тиешелүү адистерге кайрылуу.