2018-2019-окуу жылында №96 орто мектебинде ѳткѳрүлгѳн «Жол эрежесин сактайлы» аттуу айлык иш-чара боюнча маалымат
Мектептин окуучулары жол-транспорт кырсыктарынан алдын алуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын №439/1 буйругунун негизинде №96 орто мектебинде 4-сентябрдан 29-сентябрга чейин «Жол эрежесин сактайлы» аттуу иш-чараны ѳткѳрүүнүн планы түзүлдү.
План боюнча сентябрь айынын алгачкы жумасында окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежеси түшүндүрүлүп , күндѳлүктѳрдѳгү маршруттук баракчалары толтурулду. «Жолдо жүрүүнүн эрежеси» аттуу класстык сааттар 1-4-класстарда ѳткѳрүлдү. 1-11-класстардын ата-энелер чогулушу болуп, класс жетекчилер тарабынан жол эрежеси менен тааныштырылды. Ошондой эле ата-энелерге жол коопсуздугу боюнча маалымат берилди. Жол эрежелер боюнча бурч уюштурулуп, мектептин залы оформления болду. 1-л класстын класс жетекчиси Маметова Дилара Женишовна жана 1-м класстын класс жетекчиси Сулайманова Роза Иманкуловна «Жол эрежесин сактайлы» — деген темада ачык класстык сабакты «эң жакшы» деңгээлде ѳтүштү. 7-8-класстар арасында «Жаш инспектор»-деген конкурс ѳткѳрүп. Окуучулардын арасынан шыктуу балдарды тандап алып, 9-10-11-класстардын окуучулары менен биргеликте «Сак болгула балдар»-деген темада акция ѳткѳрдүк. Ал эми 5-6-7-класстарда «Машинадан сак болгула»- деген темада сүрѳт конкурсу болду. Инспектор менен бирдикте башталгыч класстарга «Жол эрежеси» — деген темада сабактар ѳтүлдү.